Бул тууралуу Австралиянын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Маршал Ангэс Хьюстон бүгүн өлкө парламентинин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Ушул тапта НАТО уюмунун жана АКШнын жетимиш миндей жоокери талиптер менен күрөштө ооган күчтөрүнө жардам берүүдө. Алардын арасында 1700дөй француз жоокери бар. Француз президенти Никола Саркозинин жарыясына караганда, аларга кошумча дагы 700 француз жоокери Ооганстанга аттанмакчы. Бул жоокерлер Кабулдун сыртындагы Каписа аймагында бейпилдик кызматын аткармакчы.
Австралиялык кол башчынын айтымында, Ооганстандагы согуш кеминде дагы он жылга созулушу ыктымал