Гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекованын билдиргенине караганда, 2-июнда башталган акцияга 11 234 адам катышып, бир сомдон акча ташташты. Гезитти колдоо максатында марафон бүгүн Каракол жана Талас шаарларында өтүп баштайт. Гезитти колдоо иш чарасы кечээ Нарында да башталган. 2-июнь күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттин иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин ар-намысы үчүн “Де-Факто” жана “Алиби” басылмаларына 1 млн сомдон айып пул салган. Муну гезит редакторлору саясый чечим катары баалашууда.(MSu)