Чикаго, Мадрид, Токио жана Рио-де-Жанейро шаарлары сынактын акырына чыгышты. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиадалык комите кечээ жарыялап, Прага, Баку жана Доха калаалары жеңилип калышкандыгын кошумчалады. Эми финалга чыккан 4 шаар февраль айында өздөрүнүн толук программаларын көрсөтүшөт. Жеңүүчү шаардын аты 2009-жылдын октябрь айында белгилүү болот.