Морган Тсвангирайдын партиясы Зимбабвенин полициясы оппозиция лидерин бир нече саат кармап, анан бошотконун кабарлоодо. Тсвангирай жана ал жетектеген Демократиялык өзгөрүүлөр кыймылынын бир нече өкүлү өлкөнүн түштүк чыгышында иш-чара өткөрүп жатканда полиция тарабынан камакка алынышкан. АКШнын мамлекеттик департаменти жана Евробиримдик Тсвангирайды бошотууну дароо талап кылышкан.