Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:38

“Аль-Каида” Дания элчилигин жардыруу үчүн жоопкерчилик алды


Террочул топтун интернеттеги билдирүүсү “Аль-Каиданын” Ооганстандагы лидери Мустафа Абу аль-Язид тарабынан бекитилген. Анда жардыруу Дания гезиттеринде жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатурасы үчүн өч алуу максатында жасалгандыгы айтылат. Аль-Каидачылардын айтымында, даниялыктар бул үчүн мусулмандардан кечирим сурашкан эмес. 2-июнда Пакистанда Даниянын элчилигинин алдында жардыруу болуп, кеминде 6 адам каза тапкан.
XS
SM
MD
LG