Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

11:15 Социал-демократтар фракциясы: Сот системасы саясий оюндардын куралы бойдон калып жатат


ЖК Социал-демократтар фракциясы 2-июнь күнү Биринчи Май райондук соту тарабынан “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерине 1 млн сомдон айыппул салынышы боюнча бүгүн билдирүү таратты. Анда Кыргызстандын сот системасы дагы деле бийликтин колундагы бир куралы боюнча калып жаткандыгын, соттор мыйзамдарга гана таянып, көз карандысыз иштөөнүн ордуна түрдүү саясий буйруктарды аткарууга даяр болуп калгандыгы тууралуу айтылган. Мындан тышкары билдирүү ээлери Биринчи Май райондук сотунун эки басылмага карата чыгарган чечими сөз эркиндигин жана акыйкаттыкты кысуунун далили экендигин белгилешип, Кыргызстанда адилеттүүлүк менен мыйзамдуулукту бузууну токтотууну талап кылышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG