Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

11:25 Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 63-отурумуна вице-төрагалык кылат


4-июнь күнү БУУнун 192 мамлекеттин башын бириктирген Башкы Ассамблеясы Кыргызстанды өзүнүн келерки жыйындарынын бири, 63-отурумунда вице-төрагалык кылууга бир добуштан шайлады. Бул макам Кыргызстанга дүйнөлүк коомчулукту түйшөлдүргөн түрдүү маселелерди жөнгө салуу жараяндарына активдүү катышууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары адам баласынын көйгөйлөрүн чечүүчү Башкы Ассамблеянын ишмердүүлүгүн координациялоодо белгилүү бир деңгээлде жоопкерчилик жана ишеним артат, деп маалымдайт тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы. Ошол эле күнү БУУ Башкы Ассамблеясынын 63-отурумунун төрагасы да шайланып, төрагалыкка Никарагуанын мурдагы тышкы иштер министри Мигель д’Эското Брокман келди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG