Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

12:15 Өзбекстандан келип жаткан этникалык кыргыздардын 257 үй-бүлө кыргыз жарандыгын алды


Ушул тапта Өзбекстандан көчүп келген 2 000 үй-бүлө бар. Алар кыргыз жарандыгын эмес, ага чейинки кайрылман макамын да алыша элек, деп маалымдады калкты эмгек менен камсыз кылуу жана миграция комитетинин жетекчиси Айгүл Рыскулова. Анын айтуусунда Кыргызстанга көчүп келе жаткан этникалык кыргыздар көпчүлүгү документтери жок келип атышат. Өзгөчө Өзбекстандан келип жаткан кыргыздардын өзбек жарандыгынан чыгуусу оор болууда. Тарыхый мекенине кайтып келип жаткан этникалык кыргыздарды колдоо жана аларга жеңилдиктерди берүүдө мамлекеттик бюджеттен бир тыйын да кеткен эмес, бардыгын эл аралык уюмдар менен миграция комитетинин атайын фонду төлөп келет, деп белгилеген Айгүл Рыскулова мамлекет аларга жер участогун берүүдө жардам берсе жакшы болмок, деген тилегин билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG