Бул күн Бириккен улуттар уюму тарабынан 1972-жылы жарыяланган. Кыргызстан бул күндү 1999-жылдан бери белгилеп келатат. Быйыл, андан сырткары, мамлекетте айлана-чөрйөнү коргоо жаатында иштеген мамлекеттик органдын түзүлгөнүнө 20 жыл болду. Ал мекеменин жетекчиси Арстанбек Давлеткелдиев бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында акыркы жылдары бул жаатта аткарылып жаткан иштер тууралуу атып берди. Анын ишениминде, өлкөдө айлана-чөйрөнү коргоо жаатында аракеттер жылдан-жылда жакшырып баратат. “Бирок жаратылышты коргоо милдети бир эл биздин агенттиктин эмес, баардык эле бийлик органдарынын жана калктын мойнунда экенин унутпашыбыз керек”, - деди А.Давлеткелдиев. (TD)