Бул тууралуу ЖК жаратылыш байлыктарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөө тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда маалымдалды. Уруксат кагаз 5 миң доллар турат, анын 30% мамлекеттик бюджетке түшөт. Депутаттар кийик уулоого мораторий киргизүүнү сунуш кылышууда. Парламент мүчөсү Бегалы Наргозуев жылына 60 эле уруксат кагазы берилгени менен аң уулоочулар кийиктерди ондоп-жүздөп атып алып жатышкандыгын, мындан жаратылышка орду толгус зыян тийип аткандыгын белгиледи. Айрым депутаттар 5 миң доллар аз, 20 миң долларга чыгаруу керек, деген пикирлерин билдиришти.(ZKo)