Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

15:54 К. Бакиев мектеп курууда шылуундук кылгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну жактайт


Президент Курманбек Бакиев мектеп курулуштарынын наркынын ашкере кымбат болуп кетишине жол бербөө жөнүндө премьер-министрдин ой-пикирин колдоого алды. “Бул маселе боюнча кылдат талдоо керек. Наркы негизсиз көтөрүлгөндүгү жөнүндө фактылар табылганда жооптуу адамдарды административдик жоопкерчиликке, эгер кылмыштын белгиси болсо анда кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек. Мектептер белгиленген мөөнөттө курулуп бүтүп, пайдаланууга берилиши керек”,-деди мамлекет башчы. 2007-2007-жылы Кыргызстанда жеңил конструкциялар менен курулган 15 мектептин наркы кыш менен салынган мектептердин наркына караганда мамлекеттик казынага эки эсе кымбатка түшкөнү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлиги өкмөт жыйынында маселе козгоп чыккан. Азыркы убакта ушул кымбат курулган мектептер боюнча кылмыш иши козголуп, Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков кармалып, камалып, тергөө жүрүп жатат. (KCh)

XS
SM
MD
LG