Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:06

17:00 Президент Курманбек Бакиев Санкт-Петербургда өтүүчү эл аралык экономикалык форумга катышат


Мамлекет башчы 6-7-июнда Санкт-Петербург шаарында өтө турган КМШнын формалдуу эмес саммитинин ишине, ошондой эле XII- Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышат. Саммит 6-июнда өтөт, 7-июнь күнү XII-Петербург эларалык экономикалык форумда “Улуттук экономикалык кызыкчылыктар жана башкаруунун глобалдуу иниституттары” деген темада өтө турган пленардык отурумга катышат. Президенттик маалымат кызматынын кабарлаганы боюнча мамлекет башчы саясый, экономикалык, демографиялык, азык-түлүк тармактарындагы мамлекеттин туруктуулугуна глобалдуу кепилдик, ошондой эле өлкөлөрдүн узак мезгилдерди камтыган макулдашылган аракеттерин иштеп чыгуу зарылдыгына байланыштуу сөз сүйлөйт.
Мындан тышкары Курманбек Бакиевдин Орусия президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуусу күтүлүүдө. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери талкууланат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG