Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

КЫРГЫЗСТАН ЧЕГИРТКЕДЕН ТАЗАЛАНДЫБЫ?


Бийлик тарап марокко чегирткелерин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/06/EBD91070-D94A-4F8C-B2D7-1CC896EE82BE.asp жок кылуу Кыргызстан боюнча аяктап калгандыгын, быйыл алар эгин-тегинге эч кандай зыян келтирбегендигин жарыялоодо. Ал эми эркин көз караштагы окумуштуу-адистер марокко чегирткелерине каршы күрөш мындай кеч эмес, апрель айында жүргүзүлүшү керектигин айтып чыгышууда.

Айыл жана суу чарба министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин уюштуруу департаментинин деректиринин орунбасары Владимир Пактын берген маалыматы боюнча, бейшемби күнгө карата республикада 107 738 гектар аянт зыянкеч чегирткеден толук тазаланган. Азыр Нарын облусунда – Акталаа районунда иш жүрүүдө. Ал жакта 2648 гектар аянт марокко чегирткесинин очогу катары аныкталыптыр. Тазалоо иштери бар жумада соңуна чыгат.

Марокко чегирткелерин жок кылуу үчүн, жалпысы, быйыл 23 700 000 сом чыгымдалган, анын ичинен 10 640 000 сом дары-дармектерди сатып алууга кеткен.

Бул зыянкеч чегирткелер чегараларда айрыкча ишти татаалдаштырат. Талас облусундагы мындай көрүнүш туурасында Талас облус губернаторунун орунбасары Сүйүтбек Айдаралиев кеп салды:

- Талас облусу боюнча, марокко чегирткелери Манас районун каптады. Алар Казакстандан жабылыптыр. 991 гектар аянт. Айыл жана суу чарба министрлигинин жардамы менен чегирткелер толук жок кылынды. Чегараларга чача турган атайын бир химикат бар экен, биз чыгышты – өзүбүздү карай, казак тарап өздөрүн карай чачышты. Чегарада чегирткенин уругу да калбай жок болот дешти.

Кыргызстандын эгин талаалары жырткыч чегирткелерден арылды деген менен, дыйкандардын көңүлдөрү баары бир түпөйүл. Ысыката районунун тургуну Абдилазиз Аттокуров буудай талаасынан чегирткелерди кармап алып, көрсөтүү үчүн агроном издеп жүрүптүр. “Бул жанагы балакет эмес бекен” деп чебеленет.

Эркин көз караштагы окумуштуу-адистер Кыргызстанда марокко чегирткелеринин тукум-курут кылынгандыгына ишене беришпейт. Айыл чарба илимдеринин кандидаты Уланбек Качыбеков, маселен, мындай пикирде:

- Марокко чегирткесинин очокторун тазалашканы менен – ишти өтө эле кеч башташты. Аны жаңы кыймылга киргенде – апрель айында жок кылыш керек эле. Үй өрттөнүп-күйүп калгандан кийин өрттү өчүргөндөй болуп атат.

Уланбек Качыбековдун айтуусунда, бул - 2006-2007-жылдарда зыянкеч чегирткелерди жок кылууга бөлүнгөн акчалардын туура эмес пайдаланылгандыгынын натыйжасы. Химиялык тазалоолор так жүргүзүлбөгөндүктөн алардын саны геометриялык прогресс менен көбөйгөн. Мына быйыл 6 миллион чегиртке баш көтөрсө, Кыргызстанды эмдиги жылы 360 миллион чегиртке каптайт.

Келечекте Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна өтө чоң коркунуч туудура турган – ушул марокко чегирткелери болот деген божомол да айтылып келет.

XS
SM
MD
LG