Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ишкана жетекчиси Эдуард Пакка карата Бишкек шаардык соту 18-мартта чыгарган чечимин Жогорку сот күчүндө калтырды. Чечимге ылайык, Эдурад Пак 10 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары сот Э.Пакты 30 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирди жана анын мүлкү мамлекетке тартылып алынды. Эдуард Пак алданган аманатчыларга кайтарып бере турган акча 187 миллион сомду түзөт. “Рентон груп” финасылык пирамидага 2 миңге жакын адам алданган.(MSu)