Өлкөнүн интернет тейлөө жаатындагы жалгыз ишканасы - “Түркмөнтелеком” кечээ Ашхабатта жуманын башынан бери 20 үй интернет менен туташканын кабарлады. Дагы 2 миңдей адам кезекте турат. Гурбангулы Бердимухаммедов президент болгондон бери 2006-жылы каза болгон Түркмөнбашы Сапармурат Ниязовдон калган бир катар чектөөлөрдү алып салууда. Былтыр Бердимухаммедовдун уруксаты менен өлкөдө алгачкы интернет кафе ачылган.