Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда кыргызстандык 3 эркек, 5 аял Стамбулдун убактылуу кармап, кайра бөлүштүрүүчү камагында отурушат. Түркиянын коопсуздук кызматтары аларды мыйзамсыз иш жасаган деп камаган. Бул маселени Кыргызстандын башкы Консулдугу менен Түркиянын Коопсуздук башкармалыгынын өкүлчүлүгү 5-июнда талкуулап, 8 жаранды Кыргызстанга депортациялоого макулдашты. Жолугушууда тараптар Стамбул аймагына кыргызстандык жарандардын жашыруун келгендигине жана мыйзам уруксат бербеген иштерди жүргүзгөндүгүнө, анын ичинде адам сатууга байланышкан маселелерди талкуулашты. (BuS)