Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:13

11:27 Ишенбай Кадырбековдун ишин Ленин райондук соту бүгүн кайрадан карайт


Кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп 6-майда камакка алынган Ишенбай Кадырбековдун сот чектеген мөөнөтү бүгүн аяктайт. Адвокат Владислав Лужанскийдин билдиргенине караганда, сот бүгүн бул маселени карап, саясатчыны камакта кармоону узартуу же бошотуу маселесин аныктайт. Эки күн мурун Кыргызстандын аксакалдары президент Курманбек Бакиевге кайрылышкан. Анда сот анын күнөөсү бар-жогун аныктаганга чейин камактан бошото туруу суралган. Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы директору Ишенбай Кадырбековго каржы полициясы Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча кылмыш козгогон. Кадырбеков муну саясий куугунтук катары баалап жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG