Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

13:50 Б. Акунов: Өкмөттүн айынан 230 миң га жер айдалбай, эл дандан өксүп отурат


Бул тууралуу бүгүн парламенттеги талкуу учурунда Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Бейшебек Акунов билдирди. Парламентте бул күнү буудай дандарын, өсүмдүк, күнгарама майын тышка ташууга бажылык убактылуу салыкты киргизүү тууралуу өкмөттүн токтомун талкуулап, кабыл алды. Парламент ошондой эле күрүчтү жана шекерди тышка ташууга да убактылуу бажы салыгын киргизүү тууралуу экономика министрлигине протоколдук тапшырма берди. Мындай токтом долбоорунун даярдалышын экономика министри Акылбек Жапаров азык-түлүк коопсуздугу менен байланыштырып, үчүнчү өлкөлөргө ташылып кетишин алдын алуу үчүн жасалып жаткандыгын билдирди. Өкмөт мындай токтомду ЕврАЗЭБдин эрежелеринин чегинде даярдады. (BuS)

XS
SM
MD
LG