Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

16:08 Кыргызстан Бээжин олимпиадасына жыйырма жолдомо ала алды


Улуттук олимпиада комимтетинин эл аралык байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Саламат Эргешовдун билдиришинче учурда кыргызстандык спортчулар Бээжин олимпиадасына катышуу үчүн жан үрөп жыйырма жолдомо жеңип алды. “Эми Казакстанда жеңил атлетика боюнча лицензия алуучу турнирден Кыргызстан кошумча дагы эки жолдомо алат деген үмүттөбүз”,- дейт С. Эргешов. Буга чейин: эркин күрөш боюнча Азия чемпиондору Базар Базаргуриев, Алексей Крупняков жана Арсен Гитинов, грек-рим күрөшүнөн Канат Бегалиев жана Руслан Түмөнбаев, суучулдар Галина Педан, Алексей Погорелов, Юрий Захаров, Виталий Василиев жана Василий Данилов, Азиянын эки жолку чемпиону, велоспортчу Евгений Ваккер, бийиктикке секирүү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону Татьяна Ефименко менен марафончу Юлия Архипова, оор атлетикадан Улан Молдодосов, таэквондо боюнча Расул Абдураим, эл аралык бокс чебери Асылбек Таласбаев, мылтыктан ок атуу спорт чебери Руслан Исмаилов жана фехтование боюнча Андрей Кочурин, дзюдодон Талант Джанагулов жана Елена Проскуракова Бээжин олимпиадасына жолдомо алышып, даярдык көрүп жатышат. (ESu)

XS
SM
MD
LG