Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:25

18:10 Коррупцияга каршы күрөшүүгө арналган эл аралык форум аяктады


Эки күндүк иш чарага Малайзия, Австрия, Германия, Пакистан, Латвия, Литва, Казакстан жана Тажикстандын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү, кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү катышты. Форумдун жыйынтыгы тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтокунов “Азаттыкка” курган маегинде аталган форумудун өтүшү жана жалпы мазмуну канаатандырарлык эмес деген оюн билдирди. “Коррупцияга каршы форум, коррупционерлердин жыйыны болгондой элес калтырды. Себеби алар коррупцияны өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө шек келтире турган фактор катары баалагандын ордуна, коррупция азайып баратат деген жүйөөнү белгилеп жатышты. Коррупцияга каршы кандай гана кадам жасалбасын, ачык айкындуулук болмоюн эч кандай майнап болбойт. А бул форумда ачык айкындуулук тууралуу кеп да болгон жок”, - дейт укук коргоочу. (ESu)

XS
SM
MD
LG