Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары жикчил Абхазиянын лидери менен жолугушууда


Хавьер Солана Абхазиянын борбору Сухуми шаарында Грузиядан жиктелүүгө умтулуп жаткан аймактын президенти Сергей Багапш менен жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзө баштады. Багапш Евробиримдиктин өкүлү менен жолугушуусунда өздөрүнүн Грузия өкмөтүнө карата буга чейинки саясаты эч өзгөрбөй турганын айтаарын алдын ала билдирген болчу. Кечээ Хавьер Солана грузин президенти Михаил Саакашвили менен Батуми порт шаарында жолугуп, расмий Москванын Абхазияга байланыштуу аракеттерин айыптаган. Ал Орусия аймакка кошумча аскерлерди жөнөтүп кырдаалды курчутуп жибергенин белгилеген. Орусия болсо темир жол аскерлери гуманитардык көмөк үчүн гана Абхазияга жөнөтүлгөнүн мурда билдирген.

XS
SM
MD
LG