Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

12:40 Эки кыргыз милиционер Өзбекстанда кармалып турат


Учурда Алабука РИИБинин эки кызматкери кошуна Өзбекстандын Чартак РИИБиснде кармалып турганын, өзбек тараптын аларды бошотпой жатканы азырынча түшүнүксүз экенин ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Кечээ эки кыргыз милиционери Өзбекстандын бул аймагында мас абалында кармалганы маалымдалган. ИИМдин маалымат кызматы мындай маалыматты төгүндөп, алар кызматтык тапшырманы аткаруу үчүн Алабукадан Чартак району аркылуу Жалалабат шаарына жөнөп, бирок кыргыз чегине аз калганда өзбек УККсынын кызматкерлери түшүнүксүз себептер менен артка кайтарып, Чартак РИИБисине алып келгени белгилүү болгонун кабарлады. Андан ары бул РИИБинин өкүлдөрү УКК басымы астында кыргыз милиционерлеринин үстүнөн “мас абалында кармалды, жол эрежесин бузду” деген жасалма айып таккан. Кыргыз тарап ушундай болгон чакта да мындай административдик тартип бузуу айып пул салуу менен эле чечилээрин эскертип, өзбек тарап мындай мамилени 2-июнда өзбек чек арачыларына байланышкан окуяга жооп иретинде атайлап жасап жатканын боолголойт. Мындай божомол Наманган облусунун жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө тастыкталды, алар чек арачыларга байланышкан маселе оң чечилмейин, бул маселе да чечилбестигин кыйытышкан, деп билдирет ИИМ. Ошондой эле кечээ бул маселе боюнча сүйлөшмөкчү болгон Жалалабат ИИБисинин жетекчисинин орун басары Жамалдин Юнусов баштаган топту өзбек тарап чек арадан киргизбей койгон.

2-июнда Жалалабаттын Ноокен районуна өзбек чек арачылары мыйзамсыз кирип келип, бир кыргыз жаранын күчтөп алып кетмекчи болгондо жергиликтүү калк каршылык көрсөтүп, алар курал-жарактарын таштай качышкан болчу. (SM)

XS
SM
MD
LG