Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

14:50 Санкт-Петербургдагы форумда кыргыз президенти сөз сүйлөдү


Сөзүнүн башында президент Курманбек Бакиев улуттук, регионалдык жана дүйнөлүк башкаруу системасынын адекваттуулугун чогуу-чараан талкуулоонун маанилүүлүгүн, азык түлүк бааларынын глобалык өзгөрүшү алардын туруктуу өнүгүүсүнө жана улуттук тынччылыгына олуттуу кооп туудура баштаганын белгиледи. ”Бул эң ириде өнүгүп келаткан өлкөлөр үчүн олуттуу чакырык. Кыргызстанда бүгүн эң оболу колдо бар ресурстарды жана глобализация бизге тартуулаган ресурстарды максималдуу жана натыйжалуу пайдаланууга негизделген жаңы экономикалык модель калыптанууда” - деди К.Бакиев. Сөзүнүн аягында кыргыз президенти бул форум Евразия мейкиндигинде өз ара аракеттенүүнүн чөйрөсүн кыйла кеңейтүүгө мүмкүндүк берип, өз ара инвестициялык ишмердүүлүктүн активдешүүсүнө, регионалдык интеграциянын бардык механизмдерин ишке келтирип, глобалдык институттардын ишмердүүлүгүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багыттай алаарына ишенээрин билдирди. Санкт-Петербургады он экинчи эл аралык экономикалык форумга Орусия, Кыргызстан, Тажиксан жана Армения президенттери катышууда. (SM)

XS
SM
MD
LG