Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

15:55 Кыргыз-орус президенттери жолугушту


Бүгүн Санкт-Петербург шаарында кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин Орусия президенти Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуусу болду. Анда орус президенти бул жолугушууга жана кызматташтыктын учурдагы абалын талкууланып жатканына кубанычта экенин билдирип, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы өсүп жатканын, товар алмашуу акыркы мезгилде ал элүү пайызга өскөнү эки тарапка пайдалуу мамилелердин өсүшүнө оң таасирин тийгизип жатканын белгилеген. Кыргыз президенти болсо Дмитрий Медведевди мамлекет башчысынын кызматына расмий киришүүсү менен куттуктап, ага бул зор жоопкерчиликтүү кызматта ийгиликтерди каалаган. Ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясатында Орусиянын өзгөчө орду бар экенин, мурда кээ бир биргелешкен долбоорлор жөнүндө сөз гана болуп келген болсо, акыркы жылдары алар турмушка ашырылып жатканын белгилеген. Жолугушууда Кыргызстан менен Орусия ортосундагы эки тарапка тең пайдалуу шериктештик кызматашууларды мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү маселелери талкууланган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(SM)

XS
SM
MD
LG