Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

ТҮРКИЯ: УНИВЕРСИТЕТТЕ ЖООЛУККА ТЫЮУ САЛЫНДЫ


Түркияда мындан төрт ай мурда премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүнүн демилгеси менен парламент кыз-келиндердин окуу жайда жоолук --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/06/8B9B2426-A08A-4F4D-8AC4-321A58A0CB04.asp байланып жүрүшүнө тыюу салган конституциялык беренени жокко чыгарган эле. Муну "диндин коомдук турмушка кийлигишүүсү" деп наалыган он миңдеген атуул демонстрацияга жабылып чыккан. Мына эми Түркиянын Жогорку соту парламент кабыл алган чечимди жокко чыгарды. Башкача айтканда, мусулман кыздар кайрадан окууга жоолук салынып бара албай турган болду.

Мындан 90 жыл мурда Ата-Түрктүн Конституциясында мектептерде жана башка коомдук жайларда кыздарга жана аялдарга жоолук байланып жүрүүгө тыюу салынган эле. Ушул февралда өлкөнүн парламенти бул беренеге өзгөртүү киргизип, кыз-келиндердин окуу жайда жоолук салынышына уруксат берген.

Кыргызстанда да секулярдык күчтөр бар, бирок алар "дин мамлекеттен бөлөк болушу" керек деген жобону төшүн тосуп коргоого алган учурлар каттала элек. Ал эми Түркияда секулярдык күчтөр дароо 10 миңдеген жактоочуларын көчөгө алып чыккан. Ал эми оппозициядагы Республикачыл партия бийликтеги АК партиясынын колдоочулары үстөмдүк кылган парламенттин чечимин дароо сотко берген.

Мына эми төрт айдан кийин өлкөнүн Конституциялык соту "бул өзгөртүү өлкөнүн учурдагы секулярдуулук жоболоруна каршы келет" деп тапты.

Кийинки жылдары Түркияда премьер Тайып Эрдогандын динге ыктаган АК партиясына колдоо кескин күч алды. Ошондуктан Конституциялык соттун соңку чечими келечекте шайлоочулардын маанайына кандай таасир этишин айтуу кыйын, бирок бүгүн Эрдогандын партиясына оор сокку урулду.

Ансыз деле дагы бир арыздын негизинде, Баш прокуратура бул партияга каршы ишти карап жатат. Эгер арыздануучулардын "бул партия секулярдуулукка каршы аракеттенет" деген айыптоосу туура деп табылса, прокуратура партиянын ишин токтотуп, анын 71 мүчөсүнө, анын ичинде өкмөт башчысы Эрдоган менен президент Абдулла Гүлгө саясий партияга мүчө болууга беш жылга тыюу салышы мүмкүн.

Айрым байкоочулар мындай тыюу жакын арада киргизилет деп болжошууда. Алардын бири Баскин Оран - Анкара универститетинин профессору:

- Конституциялык соттун жоолук маселесин четке какканы ал АК партиясын жабуу тууралуу чечим кабыл алып койгондугун билдирет.

Ал эми жоолукчан кыздар өздөрү эмне дейт? Анкарадагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган Севан Ертугрул Конституциялык соттун чечимине нааразы болгон мусулман кыз:

- Бул акыйкаттыкка жатпайт. Мен кыска көйнөк кийгендерди, алардын сөз эркиндигин сыйлаган сыяктуу эле, башкалар да менин жоолугумду сыйлашы керек. Эркиндикти университтен "кууп чыгышабы"?

Бирок мусулманчылыкты кызуу колдогондор башкаларды өздөрүндөй кийинип жүрүүгө мажбурлаган учурлар дүйнөнүн башка аймактарында аз эмес экени маалым. Мисалы Борбор Азияда халифат курууну максат кылган "Хизб-ут-Тахрир" партиясынын уставында "башка диндердин жолдоочулары да мусулмандардын кийимин кийип жүрүшү керек" деп жазылган. Түркиядагы секуляристтер да "мусулман кыздар окууга жоолукчан келе баштаса, жоолук салынбаган кыздарга кысым башталат" деп жегени желим, ичкени ирим болушууда.
XS
SM
MD
LG