Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

13:05 Күз айларында айрым азык-түлүккө баалар жогорулабайт


Бул тууралуу экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орунбасары Санжар Муканбетов “Азаттык” үналгысынын кабарчысына билдирди. Анын айтымында, ун, күрүч, жумуртка жана нанга болгон баалар жогорулабайт, ал эми сүт азыктарынын баасы төмөндөшү күтүлүүдө. С.Муканбетов быйылкы орула турган эгинге үмүт чоң болуп жаткандыгын белгилеп, дыйкандарга колдоо катары жана дан тартыштыгынын алдын алуу максатында күзүндө ошол эгинди сатып алууга аракеттер жасалып жаткандыгын белгиледи.

Улуттук статистикалык комитети жыл башынан бери Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баа 13,9 % өскөндүгүн маалымдоодо. Жаңы жылдан бери жер-жемиштерге болгон баа дээрлик 32,09 % өстү. Ал эми мөмө-жемиш 8, 46 %, дан азыктарынын баасы дээрлик 14% кымбаттады. (ZMa)

XS
SM
MD
LG