Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:39

13:53 Т.Мамашов: “Быйыл эс алуучулардын саны былтыркыдан кем болбойт”


Туризм боюнча агенттиктин директору Турусбек Мамашовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, быйыл Кыргызстанга эс алууга бир жарым миллиондон кем эмес турист келет. Ал үчүн эс алуу жайлары даяр. Ысыккөлдүн жээгиндеги эс алуу жайларын вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Элмира Ибраимова баштаган комиссия 6-июнда текшерип, стационардык дааратканалары, тазалоочу атайын жайлары жок жана даяр эмес эс алуу жайларын иштетүүгө уруксаат берилбейт деген чечимге келип, мындай кемчиликтерди жоюу мөөнөтү белгиленди. Учурда Ысыккөлдүн жээгинде 180ден ашык пансионат жана жүздөгөн жеке мейманканалар иштейт. Турусбек Мамашовдун билдирүүсү боюнча, быйыл эс алуунун баасы пансионаттарда 10 доллардан 500 долларга чейин, ал эми жеке эс алуу жайларында 200 сомдон 1000 сомго чейин болот деп күтүлүүдө. (BD)

XS
SM
MD
LG