Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

15:14 Кыргызстан чакан өлкөлөргө жардам көрсөтүү боюнча эл аралык программа түзүүнү сунуш кылды


Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев БУУнун алдында чакан өлкөлөргө жардам көрсөтүү боюнча глобалдык экономикалык программа түзүү сунушун Санкт-Петербургдагы экономикалык эл аралык форумда билдирди. Анын баамында, азык-түлүктүн, электр энергиясынын жана мунайдын баасынын кымбатташынан улам кырдаалдан чыгуунун эл аралык жаңы механизмдерин табуу жана улуттук, регионалдык жана дүйнөлүк башкаруу системасын талкуулоо зарыл. "Бул үчүн ар түрдүү мамлекеттер менен институттардын тыгыз кызматташуусу жана бирдиктүү чечим кабыл алуусу зарыл", деген президент К.Бакиев өнүгүүнүн Евразиялык фонду сыяктуу жаңы структура түзүү керектигин билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG