Чүйдүн Аларча капчыгайындагы бээ байлагандардын айтымында бээнин сүтүн ичип, ден соолугун чыңдагандардын саны быйыл өтө арбын. «Айрым учурда кардарларды жаткырууга жай жетишсиз болгондуктан, көбү шаардан барып келишүүдө», дейт алар. Ал эми сүт ичип ден соолугун чыңдап жаткандар жатакана менен сүттүн баасы быйыл эки эсе көтөрүлүп кеткенин кошумчалашат. Былтыркы жылы бир литр бээ сүтү 50 сом болсо, быйыл 100 сом. Ал эми жатакана бир күнгө 200 сомдон ашык. 25-майдан 20-июнга чейин бээнин сүтүнүн дарылык касиети күчтүү болуп ден соолукка өтө пайдалуу экени белгилүү. Чүйдө жаз эрте келгендиктен башка облустагылар дагы бул аймакка көп келишет.(JJ)
16:31 Чүйдө бээнин сүтү менен дарылангандардын саны көп, сүттүн баасы эки эсеге көтөрүлдү