Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, жыйын “Жарандар тынч митинг үчүн” деген аталыш менен өлкөнүн бардык региондорунда өткөрүлүп, анда Жогорку Кеңештин жалпы талкуусуна сунушталган “Митинг, тынч жүрүштөрдү өткөрүү” жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык стандарттарга дал келтирүү талабы коюлат. Андан тышкары долбоор кабыл алына турган болсо жарандардын өз көз карашын эркин билдирүү укугу кандай тоскоолдуктарга туш болору тууралуу карапайым калкка маалымат берилет. Талкууда айтылган сунуш-пикирлердин баары президент менен парламентке сунушталат. (BD)
17:20 Жарандар “Митинг, тынч жүрүштөрдү өткөрүү” жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы 9-июндан тарта мөөнөтсүз жыйындарды өткөрө баштайт