Орусия 400 чакты аскерди жакында "темир жолду оңдоо" үчүн жайгаштырган эле. Бирок Грузия Москваны "Абхазияны аннексиялап алганы жатат" деп айыптаган. Москва аскерлерди келерки 2 айдын ичинде чыгарып кетээрин билдирди, бирок Абхазиянын тышкы иштер министри Сергей Шамба "орусиялык темир жолчу аскерлер Абхазияда темир жол ремонту толук бүткөнчө калышы керек" деп талап кылды.