Мындай жолугушуулардын бири өткөн ишембиде Токтогул районунда өтүп, ага аймактагы жаштар уюмдары жигердүү катышканын “Азаттыкка” партиянын төрагасы Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, учурда партия ушул айдын 21ине белгиленген курултайга даярдык көрүүдө. Курултайга өлкө аймактарынан 180 делегат катышмакчы жана анда өлкөдөгү саясий-экономикалык абалга баа берилип, партиянын программасы такталат. Ошондой эле партиянын уставы өзгөртүлүп, саясий кеңеши түзүлөт. “Ак шумкар” партиясы былтыр уюшулуп, парламенттик шайлоо алдында “Ата Мекен” партиясы менен бириккен. Парламентке келбей калган соң партия кайрадан өз алдынча аракеттене баштады.(SM)