Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

7:48 Өзбекстанда кармалып турган эки кыргыз милиционери бошотула элек


Аларды бошотуу аракетинен азырынча майнап чыга электигин “Азаттыкка” Жалалабат облустук милициясынын маалымат катчысы Ибрагим Шатманалиев билдирди. Алабука райондук милициясынын эки кызматкери төрт күн мурда Өзбекстандын кошуна Чартак районунда кармалып, аларга мас абалында автоунаа айдап, жол эрежесин бузду деген айып тагылган. Кыргыз ички иштер министрлиги болсо алар кызматтык тапшырма менен Алабукадан Өзбекстандын аталган аймагы аркылуу Жалалабат шаарына бараткан учурда кармалып, жасалма айып тагылганын жана өзбек тараптын аларды бошотпой жатышы түшүнүксүз экенин кабарлаган. Кыргыз тарап ошондой эле муну өзбек чек арачыларына байланышкан окуяга жооп иретинде бул өлкөнүн коопсуздук кызматы тарабынан атайын уюштурулган иш деп боолголойт.

2-июнда Жалалабаттын Ноокен районуна өзбек чек арачылары мыйзамсыз кирип келип, бир кыргыз жаранын күчтөп алып кетмекчи болгондо жергиликтүү калк каршылык көрсөтүп, алар курал-жарактарын таштай качышкан болчу. (SM)

XS
SM
MD
LG