“Манас” аскерий аба базанын аскери Макс Чуон Ламанини камактан чыгаруу боюнча адвокаттын өтүнүчүн Ленин райондук соту 6-июнда канаттандырды. Ламанинин адвокаты Нина Зотованын айтымында, “Манас” аскерий аба базанын кызматкерлери аны эркиндикке чыгаруу үчүн күрөөгө акча төлөштү. Кылмыш ишин тергөө аяктап, сот Ламанини күнөөсүз деп тапса, аталаган каражат америкалык тарапка кайтарылып берилет. Ламани АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жеке кепилдиги менен камактан убактылуу чыгарылды. Фаусават Макс Чуон Ламани ижарага алып жашаган үйдө 20-апрелде өрт чыккан. Өрт кызматы өрт ачык оттон чыккан деген бүтүм чыгарган. Ал эми Ламани эксперттик лабораториянын бүтүмүнө макул болбой, келтирилген чыгымды төлөөдөн баш тарткандан улам, уйдүн кожоюндары тиешелүү органдарга кайрылышкан. Ленин райондук соту АКШнын жаранын тергөө иштери аяктамайынча камакка алуу чечимин чыгарган. Көз карандысыз экпертиза борборунун маалыматына ылайык,өрт 1 миллион 832 миң сом өлчөмүндө зыян алып келген.(MSu)