Бир катар укук коргоочулар адам укуктары боюнча Норвегия-Хельсинки комитетинин Бишкектеги кеңсесин текшерүүгө алган ички иштер министрлигинин кызматкерлери мыйзам алдында жооп берүүсүн талап кылышууда. Бул тууралуу кечээ кечинде коомчулукка жолдонгон кайрылууда айтылат. Кечээ ИИМдин 9-бөлүмүнүн эки кызматкери жана өздөрүн тааныштырбаган эки адам аталган уюмдун кеңсесине киришип, ал жерде иштегендердин документтерин текшерүү менен уюмга тиешелүү документтерди берүүнү талап кылышкан. Жергиликтүү укук коргоочулар мындай аракетти мыйзамсыз жана жарандык коом менен иштешкен эл аралык уюмдарга жасалган кысым катары баалашууда. Ошондой эле алар бул укук бузуу боюнча Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылышкан. Укук коргоочулар бүгүн аталган бөлүмдүн жетекчилиги менен жолугушуп, андан соң бул окуя боюнча маалымат жыйынын өткөрмөкчү.(SM)