Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

11:04 Төрт мамлекеттин өкүлдөрү региондун суу-энергетикалык маселеси боюнча сүйлөшүүнү башташты


Сүйлөшүү Бишкекте Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинде өтүп жатат. Министрликтин маалымат кызматынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын энергетика мекемелеринин жетекчилери катышып жаткан сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өтүүдө жана анын канча убакытка созулушу белгисиз. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун 9-июнда “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, тараптар региондун суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча алгач төрт тараптуу келишимге жетишип, андан кийин эки тараптуу келишимге кол коюуну пландаштырууда.(AiT)

XS
SM
MD
LG