Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Пентагондун билдиришинче, Орусия өзөктүк согуш куралдарынын кампасын чыңдоодо


АКШнын коргоо министри Роберт Гейтстин маалымдашынча, ушул тапта Орусия кадыресе аскер күчтөрүн бекемдебестен, бар күчүн өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө жумшоодо. Бул, деп чечмеледи коргоо министр, АКШ да өзүнүн өзөктүк куралдарын чыңдоо маселесине олуттуу көңүл бурууга тийиш. Виржиния штатында Аскер аба күчтөрүнүн офицерлеринин алдында чыгып сүйлөп, Гейтс мырза өзөктүк курал Америкага болочоктогу ар кандай душмандарга АКШга кол салуу оюнан айбыктырып сүр көрсөтүп туруу үчүн зарыл деген оюн айтты.

XS
SM
MD
LG