Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

АЛСЫЗ ДОЛЛАР ДҮЙНӨЛҮК ТАРТИПКЕ КОРКУНУЧ


"Алсыз доллар дүйнөлүк тартипке коркунуч". Америкалык "Уолл Стрит Жорнэл" гезитинин Европада чыгуучу басылмасы (WSJ IE) ушул дүйшөмбү күнү жарыяланган макалалардын бири мына ушинтип аталат. Макала автору - америкалык экономист Жуди Шелтон ( Judy Shelton). Анын көз карашында, ишенимдүү валютаны кармоо - Кошмо штаттардын моралдык парзы. Автор доллардын нарксызданышына жең учунан мамиле жасап, жетиштүү чара көрбөй жатканы үчүн АКШнын өзүн сынга алган.

Эгер 2002-жылы декабрда эле бир евро бир долларга барабар болсо, азыр бир евро бир жарым доллардан ашуунга туруп калды. Америкалык керектөөчүлөр үчүн бул Европадан импорттолгон товар мурдагыдан жарым эседен ашуунга кымбат дегенди туюндурат. Ошол эле учурда WSJ IE басылмасындагы макала автору, 1994-жылы эле "Саман акча" ( Money Meltdown) деген аталышта китеп чыгарган Жуди Шелтон белгилегендей, 2002-жылдан тарта Вашингтондун эң ишенимдүү соода өнөктөшү, аскерий жана идеологиялык жактан алганда эң маанилүү союздашы, демократияны жана эркин базар капитализмин коргоодо бирдей моралдык баалуулуктарды карманган Еврошаркет америкалык товарларга карата киргизген тарифтер 50%дан ашып кетти. Муну макала автору европалыктардын доллардын нарксызданышы, аны менен бирге америкалык товарлардын арзандашынан улам барган аргасыз кадамы деп баалайт.

Бирдиктүү европалык валюта еврону азыр шаркетке мүчө 27 өлкөнүн он беши же 320 миллиондой калк пайдаланууда. Уюмдун үч мүчөсү бирдиктүү валютаны кабыл алган эмес. Ал эми тогуз өлкө келерки жылдан 2012-жылга чейинки мезгилдин аралыгында кошулууну белгилөөдө. Экономист Жуди Шелтондун көз карашында, Еврошаркеттин бирдиктүү валютага алдыдагы жылдары өтүүнү көздөп жаткан жаңы мүчөлөрү мурда пландуу экономикада жашаган, азыр жеке секторго артыкчылык берген посткоммунисттик өлкөлөр экенин эске алганда, АКШ доллардын арзандашы менен жөн гана глобалдык рыноктогу атаандаштыкты гана азайтпастан андан да көп нерсени тобокелчиликке салууда.

Анткени баадагы стабилдүүлүк менен ишкер аракеттин ортосундагы байланыш терең. "Эмне үчүн кимдир бирөө, эгер тапканын бардыгын эле инфляция жеп кете турган болсо, жер сабап иштей бериши керек" деп эсептейт автор. Дагы бир маанилүү фактор дүйнө өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын эл аралык резервдери доллар менен сакталгандыгында. Германиянын Франкфурт шаарындагы "Сommerzbank" банкынын талдоочусу Карстен Фритчтин айтымында, азыр доллар кыйлага нарксызданган шартта деле ал аралык резерв үчүн номер биринчи валюта бойдон калууда:

- Алар резервдеринин көбүн азыр деле доллар менен кармашууда. Эл аралык валюта корунун маалыматына караганда, доллардын үлүшүнө эл аралык резервдердин 60%, еврого 30%дан азырагы туура келет. Евронун үлүшү өсүп, доллардыкынын төмөндөөсү өтө акырындык менен жүрүп жатат. Бул жагынан алганда доллар азыр деле дүйнөнүн биринчи валютасы бойдон. Мында сөз жок.

Германиялык банк адиси Карстен Фритч биз менен маегинде кошумчалгандай, албетте улуттук банктар доллар сакталган резервдерин кокус бир эле учурда башка валютага алмаштыра турган болсо, доллар кургуйга кулайт. Андыктан буга алар өздөрү да кызыкдар эмес.

Ал эми WSJ IE басылмасындагы макала автору, экономист Жуди Шелтондун көз карашында, АКШнын дал ушул глобалдык резервдик валютанын камсыздоочусу деген артыкчылыгынан кыянат пайдалануусу, акча –валюта бирдигинин баалуулугу кетишинин кесепеттерине көз жумду мамиле кылышы дүйнөгө кооптуу кабар берүүдө.

Автор ошондой эле АКШ валютасы глобалдык рыноктогу баа өлчөмдөрүнүн кый сыпыр түшүрүүсүнө жол берүү менен башка өлкөлөрдү эркин сооданы коргоп, тариф жана субсидия өңдүү протекционисттик чаралардан арылууга кантип чакыра алат, америкалык экспорт "аттандаштыкка кыйла жөндөмдүү болуп калды" деп кантип маашырлана ырастай алат деп суроо салган.

Жуди Шелтондун көз карашында, АКШ доллардын тагдыры биздин колдо эмес дегендей кылып, аткорлонууну уланта албайт. Ишенимдүү валютаны сактоо - моралдык жоопкерчилик жана стратегиялык муктаждык. Андай болбосо, геосаясий кырдаал стратегиялык өнөктөштүктү талап кылып жаткан шартта, тескерисинче АКШ менен Евршаркеттин өтө маанилүү өнөктөштүгүнө жарака кетүү тобокелчилиги бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG