Бүгүн кечке жуук залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов эки тараптуу пневмониядан улам дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Нюрнберг клиникасынан маалымдашты. Айтматов акыркы күндөрү комада жаткан. Жазуучу дүйнө салганда анын жанында жакындары бар болчу.
Чыңгыз Айтматов Татарстанда өзү тууралуу даректүү тасмасына тартылып жаткан учурда 16-май күнү бөйрөгү ооруп, Татарстандын республикалык ооруканасына жаткырылган. Москвалык дарыгерлер Чыңгыз Айтматовдун оорусуна септикалык шок же кандын инфекцияланышы, эки тараптуу пневмония жана бөйрөктүн чукул начарлашы деген диагноз коюшкан. 19-майда ал Нюрнберг ооруканасына жеткирилген болчу. Быйылкы жыл Кыргызстанда Айтматов жылы деп жарыяланган эле. Күз айларында жазуучунун 80 жылдыгы белгиленмек.
(JTo, TD)