Бул тууралуу “Азаттыкка” маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирди. Анын айтымында, кечээ кечинде маркумду акыркы сапарга узатуу расмисин уюштуруу боюнча өкмөт үйүндө чукул жыйын өттү, мамлекеттик комиссияны ким жетектээри бүгүн белгилүү болмокчу. Чыңгыз Айтматовдун сөөгү ушул ишембиде, 14-июнда жерге берилет. Маркум менен коштошуу жөрөлгөсү Улуттук филармонияда өтмөкчү.(SM)