Бул тууралуу кечээ Европа Комиссиясынан маалымдашты. Конференция Косово мамлекетинин калыптанышына жардам берүү үчүн каражат чогултууну көздөйт. Февралда Косово өзүн Сербиядан көз карандысыз деп жарыялаган эле. Евробиримдиктин көпчүлүк мүчөлөрү анын эгемендүүлүгүн расмий таанышкан.