Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

10:44 Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү өтүшүнө байланыштуу президенттин жардыгы менен 14-июнь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды

Бул күнү Кыргызстандын Мамлекттик туусу ылдый түшүрүлөт. Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларга оюн-зоокторду токтотуу сунушталды. Ушул эле жардыкка ылайык Чыңгыз Айтматовдун тажыясын өткөрүү боюнча мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу башында турган комиссия түзүлдү. Улуу жазуучу менен коштошуу 14-июнда Кыргыз улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда эрте менен башталып, маркумдун сөөгү “Атабейит” музей-мемориалдык комплексине коюлат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)
XS
SM
MD
LG