Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

11:21 Бишкекте көчө балдары азайды


Бул тууралуу Балдарды коргоо борборунан билдиришти. “Көчө балдарын убактылуу жайгаштыруу” долбоорунун координатору Нургуль Алыбаеванын айтымында, быйыл базарларда балдар саны суюлгансыйт. Адистер үчүн бул көрүнүш азыр түшүнүксүз болууда. Адатта жайкысын кара курсак айынан кароосуз калган балдар Бишкектин Ош жана Дордой ири базарларына көбүрөөк чыгышчу. Бул жылы андай тенденция байкалбайт. Бишкекте болжолдуу түрдө 400-600 дөй көчө балдары бар деп эсептелет. Бирок алардын так саны канча экендиги боюнча ырасмий маалымат жок. (EK)

XS
SM
MD
LG