Кыргыз президентинин тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Асылбек Айдаралиев 10-июнда Швейцария конфедерациясынын президенти Паскаль Кушпен менен жолугушуп, келерки жылы октябрь айында Бишкекте БУУнун алкагында экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүү маселесин талкуулады. Асылбек Айдаралиев Швейцария президентин саммитке чакырган президент Курманбек Бакиевдин катын тапшырды. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)