Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

18:15 Базаркоргон районунун тургундары токойлордун тагдырына кабатыр


Президент мораторий жарыяласа да, райондун Арстанбап токой чарбасында жаңгактарды кыюу, уюлдарды уурдоо окуялары токтобой атат. Мындай мамиле жаңгак токойлоруна жетиштүү көңүл бурулбай, кадр маселеси аксагандыктан орун алууда. Райондун бир нече тургуну губернаторго ушул маселени коюу үчүн келгенин алардын өкүлдөрү Тенти Калдарбаев менен Мукарам Муктарканова жана Аким Абжапаров билдиришти. Алардын белгилешинче дарылоо болбогондуктан токойлорго курт түштү. Жамгыр жаабай, суунун тартыш, жылдын кургакчыл келгенинен адыр, кокту-колоттордо табийгый чөп өскөн жок. Тоолуу айылдын эли Орусияда иштеген балдарынын эсебинен жашоодо. (YA)

XS
SM
MD
LG