Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

18:20 Өзгөндө өлүмгө дуушарлантуучу күйдүргү дартына эки адам кабылгандыгы аныкталды


«Күйдүргү Өзгөндө союлган малдан жуктурулган. Ага шектүү делип аймактык ооруканага жаткырылган 8 бейтап текшерилгенден кийин экөөсүнөн ушул дарт табылды» деп билдирди «Азаттыкка» Ош облусунун башкы санитардык дарыгери Токтайым Разыкова. Анын айтуусуна караганда, облуста күйдүргүнүн 500дөн ашык очогу бар, азыркыдай күн ысыганда алар кайрадан активдешип шаштыны кетирүүдө. «Ветеринардык дарыгерлерге мамлекеттик колдоонун жоктугунан ылаңдаган малдарды дарылоо үзгүлтүккө учуроодо. Анын үстүнө жергиликтүү калктын жугуштуу илдеттерге көңүлкош мамиле жасап, малын убагында эмдеттирбей коюусу түйшүктү оорлотууда» - дейт Разыкова. (ATo)

XS
SM
MD
LG