Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

8:20 Чыңгыз Айтматовдун сөөгү бүгүн Германиядан Кыргызстанга алып келинет


Бул үчүн атайын учак даярдалып, расмий адамдардан жана маркумдун жакындарынан турган топ бүгүн эртең менен аталган өлкөгө жол тартышты. Кыргыздын дүйнөгө таанымал залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов мурда күнү кечинде Германиянын Нюрнберг клиникасында катуу оорудан көз жумган. Буга байланыштуу президенттин жардыгы менен 14-июнь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Ушул эле жардыкка ылайык, Чыңгыз Айтматовдун тажыясын өткөрүү боюнча мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу башында турган комиссия түзүлгөн.(SM)

XS
SM
MD
LG