Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

АКШ мамдепартаменти аба соккусунда Пакистан аскерлери ажал табышына өкүнүч билдирди


Америкалык аскерлер Ооган-Пакистан чек ара аймагында жүргүзгөн чабуулдан пакистандык аскерлердин курман болушуна байланыштуу мамдепартамент өкүнүч билдирди. Авиа чабуул согушкерлерди жок кылууну көздөгөн. Мамлекеттик департаменттин өкүлү тараптар болочокто мындай өкүнчүтүү окуяларды алдын алуунун үстүнөн иштешээрин билдирди. Пентагондун басма сөз катчысы Жеофф Моррелдин айтымында, Пакистандын куралдуу күчтөрү арасында жоготуулар болгон деп так кесе айтуу азырынча эрте. Пакистан болсо чабуулдан 11 жоокери өлөгөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG