11-июнда Орусиянын президенти Дмитирий Медведевдин катышуусунда “Crown Plaza Moscow” мейманкансында өткөн X Бүткүл дүйнөлүк орус прессасынын конгрессинин ачылышында Чыңгыз Айтматовдун мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу бир минуталык аза күтүү зыйнатын өткөрүштү. Конгрессти ачып жатып Бүткүл дүйнөлүк орус прессасынын ассоциациясынын президенти В. Игнатенко: “Кечээ (10-июнь) биздин арабыздан улуу философ Чыңгыз Айтматов 80 жылдык мааракесине жетпей дүйнө салды. Эгерде кылым карытар бир күн болсо, анда анын философиясы кылымдан ашуун уланат”,-деген. Орус президенти менен кошо бул конгресске ЮНЕСКОнун башкы мүдүрү К.Мацуура да катышкан.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.(AJ)