Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

15:25 Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев көңүл айтуу телеграммасын жолдоду


Президент Курманбек Бакиев эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевден көңүл айтуу телеграммасын алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Анда Назарбаев кыргыз элинин даңктуу уулу, казак элинин улуу досу, жалпы түрк дүйнөсүнүн сыймыгы Чыңгыз Айтматовдун көз жумгандыгына байланыштуу бүт кыргыз элине көңүл айтып, талантуу калемгер, улуу ойчул Ч.Айтматовдун дүйнө адабиятынан ээлеген орду өзгөчө экенин, анын калеминен жаралган ар бир чыгарманы дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн окурмандары чыдамсыздык менен күтүп окуп, өздөрү үчүн руханий зор лаззат алганын белгилейт. ”Тунук махабатты, адамгерчилик менен мекенчилдикти, кыргыз менен казактын бийик тоолору, гүлдөгөн даркан талаасын назик лиризм менен даңазалаган сүрөткердин учурунда улуу Мухтар Ауэзовдон бата алганы биз үчун чоң сыймык”.- деп айтылат телеграммада. Нурсултан Назарбаевдин айтымында, Чыңгыз Төрөкулович жакында эле Казакстанга барып, экөө ааламдаштыруу доорундагы эл менен жер тагдыры жөнүндө, адабият менен маданият маселелеринин тегерегинде узак сукбат курушкан. Казак эли белгилүү жазуучунун 80 жылдык мааракесин майрамдоо үчүн даярдык көрүп жаткан. ”Айла канча, күтүүсүз келген ажал улуу инсанды арабыздан алып кетти”, - дейт Н.Назарбаев.
Казакстандын президенти Айтматовдун дүйнөдөн кайтышы дүйнөлүк маданият үчүн орду толгус жоготуу экенин айтып, казак эли ушу тапта улуу жазуучунун туугандары жана жакындары менен кошо кайгырып жатканын белгилейт. (AJ)

XS
SM
MD
LG